Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-апрели № 145-б
Облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын финансылык ишин натыйжалуу уюштуруу максатында:
1. 2012-жылдын 1-январынан тартып облустук телерадиокомпанияларды жана облустук гезиттердин редакцияларын каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги аркылуу жүргүзүлсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |