Редакцияот 30.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 30-апрели № 159-б

Кыргыз ССРнин эл артисти, залкар комузчу Карамолдо (Токтомамбет) Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:

Асымбекова Г.Ү.

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Жунусов И.К.

-

Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Алагушев Б.А.

-

Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);

Асанакунов М.А.

-

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Жакиев Б.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);

Керексизов Т.Ж.

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Карамолдоева Ж.

-

Карамолдо Орозовдун кызы (макулдашуу боюнча);

Омүркулов И.Ш.

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Осмоналиев К.О.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Оторбаев К.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Осмонов К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;

Султанбаева А.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн маданият, туризм жана спорт секторунун эксперти;

Үсөнбаев М.А.

-

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;

Чокиев Т.А.

-

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Чорчоев Т.

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги эки жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаранын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.

3. Юбилейлик иш-чараны өткөрүү менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн булактардын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов