Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-майы № 172-б
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына "KAMA3-4310" автомашинасын - 2 бирдик, тапанчанын 9 мм патрондорун - 40000 (кырк миң) даана, 7,62x54 мылтыктын 7,62 мм патрондорун - 10000 (он миң) даана жана 1943-жылдын үлгүсүндөгү 7,62 мм патрондорду - 10000 (он миң) даана кайтарымсыз негизде өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналарды жана ок-дарыларды баланска кабыл алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |