Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-майы № 176-б
Бишкек шаарында 2012-жылдын 7-8-майында болуучу "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, делегациянын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин үчүнчү катчысы;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан кредиттик сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министр | А.Карашев |