Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-майы № 183-б
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюу боюнча координациялык штабдын толук иштешин камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюу боюнча координациялык штабдын ишин каржылоону камсыз кылуу үчүн Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө каражат бөлүнсүн.
2. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражатты максаттуу чыгымдоону камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |