Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-майы № 198-б
Россиянын аскердик объекттеринин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылган орундарын пайдалангандык үчүн 2008-2011-жылдардагы мезгил үчүн 15466238,47 АКШ доллары (он беш миллион төрт жүз алтымыш алты миң эки жүз отуз сегиз доллар, кырк жети цент) суммадагы ижара акысын Россия Федерациясы төлөп берип жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 1997-жылдын 10-октябрында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагына Россия Федерациясынын Аскер-Деңиз Флотунун объекттерин жайгаштыруу орундарын ижарага берүүнүн шарттары тууралуу макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинен түшкөн 15466238,47 (он беш миллион төрт жүз алтымыш алты миң эки жүз отуз сегиз доллар, кырк жети цент) АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатты кийин республикалык бюджеттин кирешесине которуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсебине (№ 1010100033505773 БК, АКШ долларындагы учурдагы эсеп) которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 1997-жылдын 10-октябрында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагына Россия Федерациясынын Аскер-Деңиз Флотунун объекттерин жайгаштыруу орундарын ижарага берүүнүн шарттары тууралуу макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин муктаждыктары үчүн керектелүүчү сумманы аныктасын.
3. Бул буйруктун контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |