Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-майы № 221-б
1. Бишкек шаарында 2009-жылдын 30-декабрында расмий тилде кол коюлган Айылдык инфраструктураны жана социалдык реинтеграцияны өнүктүрүү (Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнү) (DCI-АSIE/2009/020-592) долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Коомдоштугунун ортосунда Каржылоо жөнүндө макулдашууга № 1 Өзгөртүүнүн тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Өзгөртүүгө кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |