Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-майы № 224-б
1. Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-октябрында кол коюлган "Айыл жергесинде инфраструктураны өнүктүрүүнү колдоо (ирригация)" (DСI-АSIЕ/2008/019-238) программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа коомчулугунун комиссиясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга № 1 Өзгөртүүлөрдүн тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган № 1 Өзгөртүүлөргө кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |