Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-майы № 225-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына бөлунсүн:
- Азия өнүктүрүү банкынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучуларынын ар жылдык жолугушууларына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.К. Оторбаевдин 2012-жылдын 5-майында Филиппиндеги Манила шаарына жана 2012-жылдын 18-19-майында Улуу Британиянын Лондон шаарына иш сапарына байланышкан чыгымдарды төлөегө 433 900 (төрт жүз отуз үч миң тогуз жүз) сом;
- КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетинин кезектеги жыйындарына, КМШга катышуучу-мамлекеттердин "КМШ жана евразиялык интеграциялоонун жаңы форматы" мамлекеттер аралык экономикалык форумунун ишине катышуу үчүн 2012-жылдын 19-20-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарына вице-премьер-министр Ж.К. Оторбаев жетектеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын иш сапарына байланышкан чыгымдарды төлөөгө 139 200 (жүз отуз тогуз миң эки жүз) сом.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |