Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-декабры № 565-б
Кыргыз Республикасынын транспорттук көз каранды эместигин камсыздоо максатында, Ош - Баткен - Исфана, Бишкек - Балыкчы автомобиль жолдорун реабилитациялоо долбоорунун Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык жана социалдык маанисин эске алып, ошондой эле Кытайдын экспорт-импорт банкы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кредитор катары Кытайдын экспорт-импорттук банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында автожолдордун эки участогун реабилитациялоо долбоору боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Жеңилдетилген кредиттик макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине аталган долбоордун ишке ашырылышы үчүн жоопкерчилик жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |