Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 7-декабры № 576-б
1. Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу" долбоору боюнча Карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимдин расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Келишимдин долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |