Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 11-декабры № 584-б
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Абды Сүйөркуловдун транспорт тармагын өнүктүрүүдөгү сиңирген өзгөчө эмгегин баалоо иретинде:
1. Бишкек-Ош автомобиль жолунун 198-чакырымына Абды Сүйөркуловдун урматына арналган эскерүү стеласы орнотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте эскерүү стеласы орнотулуучу жерди аныктасын.
3. Стеланы даярдоого жана орнотууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |