Редакцияот 17.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 17-декабры № 591-б

1. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча финансылык макулдашуунун (кредит № 2902-KGZ (SF) жана грант № 0307-KGZ) расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча финансылык макулдашуунун (кредит № 2902-KGZ (SF) жана грант № 0307-KGZ) долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев