Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-декабры № 592-б
Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаары боюнча чогултулган мамлекеттик салыктарды бөлүштүрүү боюнча сунуштарын карап чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Т.Ж.Таткулов | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
|
М.А.Исмаилов | - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
А.А.Касымалиев | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
|
Н.Б.Максутов | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Т.Ж.Абжапаров | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
|
Т.К.Эсеналиев | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
З.Т.Кыдыралиев | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Б.А.Алиев | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди пландоо башкармалыгынын начальниги;
|
М.И.Шеримбекова | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын фискалдык тобокелдиктерди талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы. |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаары боюнча чогултулган мамлекеттик салыктарды бөлүштүрүү боюнча сунуштарын карап чыксын жана тийиштүү сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |