Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-декабры № 595-б
Кыргыз Республикасынын спортсмендерин колдоо жана жогорку спорттук натыйжаларга жетүүгө дем берүү максатында:
1. Төмөнкүлөргө бир жолку акчалай сый акы төлөнүп берилсин:
- Лондон шаарында (Улуу Британия) болгон 2012-жылдагы XXX Олимпия оюндарында жетинчи орунду ээлеген, эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Мусаев Магомедге 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндө;
- М.Мусаевдин башкы машыктыруучусу Усенканов Анарбекке 14000 (он төрт миң) АКШ доллары өлчөмүндө;
- М. Мусаевдин жеке машыктыруучусу Мурзакулов Санжарбекке 10000 (он миң) АКШ доллары өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине ушул буйруктун 1 -пунктунда көрсөтүлгөн бир жолку сый акыны төлөп берүү үчүн мамлекеттик агенттиктин 2012-жылга чыгымдарынын бекитилген сметасынын чегинде акча каражатын бөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |