КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-декабры № 601-б
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү процессинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- милдеттүү түрдө мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү тууралуу маалыматтарды төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын:
"Эркин Тоо" гезити;
"Слово Кыргызстана" гезити;
- ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тууралуу маалыматты форматын, маалыматтык билдирүүлөрдү ротациялоонун мезгилдүүлүгүн жана кызматташтыктын башка керектүү шарттарын аныктоо менен акысыз негизде жарыялоого карата келишимдерди түзүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын "ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү" телерадио берүү комланиясына, "Бешинчи канал" жабык акционердик коомуна жана "Пирамида" Медиа-Холдинг" жоопкерчилиги чектелген коомуна акысыз негизде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тууралуу маалыматты жарыялоо сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |