Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2014-жылдын 11-сентябры № 389-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 29-декабры № 608-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө жана кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 475-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;";

алтынчы абзацтагы "экономикалык жөнгө салуу" деген сөздөр "экономика" деген сөзгө алмаштырылсын;

жетинчи абзацтагы "- мамлекеттик башкы санитардык врач" деген сөздөр алып салынсын;

сегизинчи жана тогузунчу абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин директору;";

жыйырманчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

"Республикалык Ичүүчү сууну керектөөчүлөр союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).";

4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев