Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 31-декабры № 609-б
Берлин шаарында (Германия Федеративдүү Республикасы) 2013-жылдын 18-27-январында болуучу "Жашыл жума - 2013" жыл сайын өтүүчү эл аралык көргөзмө - жарманкесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Узакбаев Чынгысбек Макишович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
Осмоналиев Самир Кушайынович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
Исаков Төлө Байдалиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Максүтов Нурбек Бекболотович - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестицияларды алга жылдыруу саясаты жана мамлекеттик-менчик өнөктөштүк саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Мусаев Кымбатбек Мусаевич - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынын
башкы адиси;
Ашимов Тилек - "Райффайзен-Кыргызстан" фондунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегация мүчөлөрүнүн жыл сайын өтүүчү "Жашыл жума - 2013" эл аралык көргөзмө - жарманкесине катышуусуна байланышкан чыгымдар Германия эл аралык кызматташтык коомунун эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |