КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-январы № 1-б
Эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын пенсиялык камсыздоо маселелерин жөнгө салуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Жолдошева Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Уманкулов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Калиев М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Айтматов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин директору; |
Сүйүналиева Б.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мамбеталиева М.У. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды пландоо бөлүмүнүн башчысы; |
Асанбаева Б.С. | - | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борборунун башкы адиси; |
Бусурманкулов К.У. | - | Россия жана Казакстандагы "Замандаш" кыргыз диаспорасы ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Плотников В.А. | - | Россиянын Биринчи улуттук пенсиялык фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдыгулов Р.А. | - | Москва Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Күрөңкеев А.С. | - | "Кыргызстан" мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Юсувалиев Э.О. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тышкы байланыштар, калк жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө боюнча башкармалыгынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги, жумушчу топтун аткаруучу катчысы. |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна эмгек мигранттарын - миграцияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топко алардын иштеринин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды тоскоолдуксуз берип турушсун.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |