Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 14-январы № 4-б
Бишкек шаарында 2013-жылдын 16-17-январында өтүүчү "Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Келдибеков Ахматбек Келдибекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кадыров Бахтияр Сабиржанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирлан Конушбаевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Адамкулова Самаргүл Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкы башкармалыгынын начальниги; |
Худайбергенов Султан Азаматович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин атташеси. |
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |