Редакцияот 13.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 13-февралы № 37-б

Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-14-февралында болуучу Европа союзунун жана Борбордук Азиянын "Курчап турган чөйрөнү жана суу ресурстарын коргоо жаатында кызматташтык платформасы" деп аталган жогорку деңгээлдеги төртүнчү конференциясына катышуу үчүн:

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:

Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Атаджанов Сабир Садыкджанович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, делегациянын башчысынын орун басары;

Нышанов Сайдулла Канболотович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Узакбаев Чынгысбек Макишевич

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;

Оторбаев Эринес Мотойович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев