Редакцияот 15.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 15-февралы № 40-б

Женева шаарында (Швейцария) 2013-жылдын 18-19-февралында болуучу расалык кемсинтүүлөрдү жоюу боюнча БУУнун Комитетинин 82-сессиясына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:

Карыбаева Мира Аскеровна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Искакова Гүлнара Тентиевна

-

Женева шаарында БУУнун алдындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү;

Конкошев Нурлан Мукамбеткалыевич

-

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын прокурору (макулдашуу боюнча);

Алиева Гүлсара Мидиновна

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык саясат жана өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

Тыныбекова Нурайым Талантбековна

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин кеңешчиси;

Айдит Эркин

-

Женева шаарында БУУнун алдындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси;

Алтымышева Алмаш Дүйшөновна

-

Женева шаарында БУУнун алдындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси.

2. Жогоруда аталган иш-чараларга катышуу менен байланышкан бардык чыгымдар Кыргыз Республикасындагы БУУнун агенттиги тарабынан (макулдашуу боюнча) төлөнөт.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев