Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-майы № 234-б
Билим берүү секторун реформалоо боюнча долбоорду даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Билим берүү секторун реформалоо боюнча долбоорду даярдоо үчүн аванс төлөө жөнүндө Макулдашуу-Каттын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Билим берүү секторун реформалоо боюнча долбоорду даярдоо үчүн аванс төлөө жөнүндө Макулдашуу-Катка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |