Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-июну № 238-б
Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында:
1. "Датка-Кемин" 500 кВ электр өткөрүү линиясын жана 500 кВ "Кемин" подстанциясын куруу" долбоору боюнча заказчы катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытай Эл Республикасынын Экспорт-импорт банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басарына ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |