Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-июну № 244-б
Бишкек шаарында 2011-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Баңгизаттарды контролдоо жөнүндө жана укук колдонуу жаатында көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишин реформалоо үчүн финансылык жардам тартуу максатында:
1. Бишкек шаарында 2011-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Баңгизаттарды контролдоо жөнүндө жана укук колдонуу жаатында көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга № 12 оңдоолордун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган № 12 оңдоолордун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |