Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-июну № 245-б
Мамлекеттештирилген объекттердин сакталышын камсыз кылуу жана мамлекеттин кызыкчылыгында аларды андан ары натыйжалуу башкаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин балансына Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 2/1 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттештирилген объект - "Чатыр-Көл" кинотеатрын өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги:
- белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттештирилген объектти өз балансына кабыл алсын;
- бир айлык мөөнөттө ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттештирилген объектти натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго мамлекеттештирилген объектти пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымдап турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 36-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин балансына өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон Мамлекеттештирилген объекттердин тизмесинде 16-пункт алып салынсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жана экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |