Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-июну № 264-б
1. "Япония Өкмөтүнүн акысыз жардам программасы боюнча кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү (JDS)" долбоору боюнча 214 (эки жүз он төрт) миллион япон иени өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы гранттык макулдашуунун долбоору жана кат алышуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |