Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-июну № 269-б
"Токмок Дан" жоопкерчилиги чектелген коомунун - мамлекеттик резервдеги аштык буудай данын жооптуу сактоочунун менчик ээси алмашкандыгына байланыштуу жана "Дан" мамлекеттик ишканасын колдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- "Токмок Дан" жоопкерчилиги чектелген коомунда сактоодо турган 1423,8 тонна өлчөмүндөгү аштык буудай данын "Дан" мамлекеттик ишканасына ташууну жүргүзсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2012-жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен аштык буудай данын ташуу менен байланышкан чыгымдарды жабууну жүргүзсүн;
- аштык буудай данын ташуу боюнча транспорттук кызматтарды мыйзамда белгиленген тартипте сатып алсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |