Редакцияот 19.06.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 19-июну № 285-б

"Ысык-Көл - 2012" жайкы туристтик сезонунун башталгандыгына байланыштуу:

1. 2012-жылдын 23-июнунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы шаардык ат майданында ат-спорттук оюндары өткөрүлсүн.

2. Ат-спорттук оюндарын өткөрүү үчүн уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:

Рыскулова А.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Раев С.А.

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;

Жаныбеков А.С.

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Асанакунов М.А.

-

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

 

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Насирдинов Н.А.

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Имангазиев Р.А.

-

Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;

Шалпыков Б.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Эргешева А.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту түрлөрү федерациясынын башкы катчысы (макулдашуу боюнча);

Мамытов С.К.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту федерациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Иманов К.Э.

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы асыл тукум инспекциясынын начальнигинин орун басары;

Каназаров С.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы.

3. Уюштуруу комитети ат-спорту оюндарын өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Иш-чараны өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов