Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-июну № 312-б
2012-жылдын 2-3-июлунда Бишкек шаарында өтө турган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - делегация) төмөнкү курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин биринчи катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен жабдууну жана суу бөлүүнү өнүктүрүү департаментинин директору;
- Кара-Балта шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
- "Кара-Балта суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |