Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-июну № 313-б
Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин аймагын сарамжалдуу пайдалануу максатында:
1. Бишкек шаарынын Джал-23 кичирайонундагы Тыналиев, 1 көчөсүндө жайгашкан Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин аймагынын түндүк-батыш бөлүгүндөгү 0,46 га аянт жер участогу өз алдынча бирдикке бөлүнсүн жана "Коргонуунун жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна 2 турак үй долбоорлоого жана курууга белгиленген тартипте ишке ашыруу сунушу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине 2 турак үй параллель долбоорлоого жана курууга тийиштүү уруксат берүүчү документтерди даярдоодо көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өз алдынча бирдикке бөлүнгөн жер участогун белгиленген тартипте укукту күбөлөгөн документтерди тариздесин жана 2 турак үйдү долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди алсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |