Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-июну № 261-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 77-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында:
курамдан Кайкиев Э.А. чыгарылсын;
ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси катары Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Асанов С.Ж. киргизилсин;
- төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2013-жылдын 10-июлуна чейин "Шервуд жана Маккензи" жоопкерчилиги чектелген шериктиктин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн, жыйынтыктары боюнча жарашуу макулдашуунун шарттарын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө андан ары макулдашылган сунуш киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине рекомендация киргизсин.".
Премьер-министр | Ж.Ж.Сатыбалдиев
|