Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-июлу № 271-б
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районундагы Нура айылынын тургундарына жаңы курулган жана калыбына келтирилген турак үйлөргө укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөгө, техникалык жактан паспорттоштурууга жана мамлекеттик каттоого жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына өзүнүн атайын бөгөттөлгөн эсебинен 420000 (төрт жүз жыйырма миң) сом өлчөмдөгү финансылык каражатты 2008-жылы жер титирөөдөн жабыр тарткан Нура айылынын тургундары үчүн жаңы курулган жана калыбына келтирилген турак үйлөргө укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө, техникалык жактан паспорттоштуруу жана мамлекеттик каттоо үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |