КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-марты № 68-б
2009-2011гжылдар мезгилинде "А" жана "ПК" категорияларындагы литердик учууларды аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине карызды төлөө максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине карызды төлөө үчүн, салыштырып текшерүү актыларына ылайык, 2013-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигине каралган каражаттардын чегинде 2009-2011 -жылдар мезгилинде "А" жана "ПК" категорияларындагы литердик учууларды аткаргандыгы үчүн 335 000 (үч жүз отуз беш миң) сом бөлсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |