Редакцияот 05.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 5-марты № 73-б

Ноокат ашуусу аркылуу өтүүчү 10-28 км аралыктагы участоктун улуттук жол тарамын реабилитациялоо (Ош-Баткен-Исфана) боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- жол-курулуш иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Кыргыз Республиканын жарандарына - Ноокат ашуусунун жол жээгиндеги бизнес субъекттилерине иш жүзүндө аргасыз токтоп калган мезгили үчүн күнүнө 400 сом эсебинде алынбай калган пайдаларынын ордун толтурууга мыйзамда белгиленген тартипте жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана тейлөөгө 2013-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен компенсация төлөп берсин.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жогоруда аталган компенсациянын төлөп берилиши жөнүндө отчет берсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев