КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-марты № 76-б
1. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү россия программасынын (READ) долбоорунун экинчи фазасынын башталышы жөнүндө макулдашуу-каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуу-каттын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |