Редакцияот 13.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 13-марты № 86-б

Талды-Булак Сол жээк алтын кенин өздөштүрүү жана алтын алуу боюнча кен байытуучу комплекстин курулушун ыкчамдатуу үчүн тикелей чет элдик инвестицияларды тартуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

- Талды-Булак Сол жээк кенинде кен байытуучу комплексти куруунун долбоордук документтеринин курамын жана көлөмүн жумуштардын этаптары боюнча бир апталык мөөнөттүн ичинде аныктасын;

- долбоорлук документтерге жалпысынан жана өзүнчө бөлүмдөрүнө тийиштүү экспертизалардын оң корутундулары болгондо кен байытуучу комплекстин ар бир объектисинде куруу-монтаждоо иштерин этап-этап менен жүргүзүүгө уруксаттарды "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна (же башка подряддык уюмга) берүүнү камсыз кылсын;

- ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаменти кен байытуучу комплекстин ар бир объектисине "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коому же долбоорлоочу уюм берген долбоорлук документтерге этап-этап менен экспертизаны тез жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте куруу-монтаждоо иштерин жүргүзүүнүн жана кен комплексин ишке киргизүүнүн технологиялык ыраатын эсепке алуу менен объектилерди куруунун кезегин жана конкреттүү мөөнөттөрүн аныктасын;

- "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык долбоорлук документтерди иштеп чыгууну ыкчамдатуу;

кен байытуучу комплекстин курулушун 2013-жылдын 31-декабрына чейин бүткөрүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Талды-Булак Сол Жээк кенинде объектилерди курууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын сакталышын белгиленген тартипте көзөмөлдөсүн.

4. Бүткөрүлгөн ар бир объектини жана кен байытуучу комплексти жалпысынан пайдаланууга берүү белгиленген тартипте ишке ашырылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев