Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-марты № 99-б
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын чек ара кызматтарынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун чыңдоого кошкон өзгөчө салымы үчүн:
1. Россиянин Федералдык коопсуздук кызматынын директорунун биринчи орун басары - Чек ара кызматынын жетекчиси, армиянын генералы Проничев Владимир Егорович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.
2. Бул буйруктун 1-пунктунда керсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын даярдоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |