Редакцияот 09.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 9-апрели № 123-б

Улуттук маданияттын көрүнүктүү өкүлү, кыргыз адабиятына негиз салуучулардын бири, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры жана коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу элесин түбөлүккө калтыруу максатында:

1. Бишкек шаарынын мэриясына Түгөлбай Сыдыкбековдун скульптуралык эстелигин орнотуу жерин аныктоо жана эстеликке жанаша аймакты көрктөндүрүүнү камсыз кылуу сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги скульптуралык эстеликтин постаментин курууну жана аны орнотууну камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусу менен Т.Сыдыкбековдун скульптуралык эстелигинин ачылышынын салтанаттуу аземин даярдасын жана өткөрсүн.

4. Эстеликти жасоого жана орнотууга, постаментин курууга байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев