КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 15-апрели № 134-б
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын «Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун» башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоору» боюнча каржылоо жөнүндө 2009-жылдын 21-майындагы Макулдашууга № 2 Толуктоо киргизүү тууралуу Макулдашуу-Каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Макулдашууга № 2 Толуктоо киргизүү жөнүндө жогоруда аталган Макулдашуу-Катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |