КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 8-июлу № 281-б
1. Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 138 Декрети менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шашылыш жардам көрсөтүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга толуктоолорду киргизүү тууралуу расмий тилде тиркелген макулдашуу-кат жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуу-катка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |