КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-июлу № 289-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 11-июлундагы Кыргыз-Казак инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун 3-беренесине ылайык Кыргыз-Казак инвестициялык фонддун түзүүчүсү катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Кыргыз-Казак инвестициялык фонду" акционердик коомунун акцияларын алуу боюнча иштерди тездетсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен, "Кыргыз-Казак инвестициялык фонду" акционердик коомунун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчет берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 11-июлундагы Кыргыз-Казак инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун 3-беренесине ылайык Кыргыз-Казак инвестициялык фонддун түзүүчүсү катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду аныкталгандыгы жөнүндө Казакстан тарапка маалымдасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |