Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-июлу № 291-б
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Казыначылыгынын Катчылыгы атынан чыккан Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган, Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 6,0 млн. АКШ доллары суммасында грант берүүсү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчисине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |