Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 29-июлу № 308-б
Экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Ош облусунун Өзгөн районунун аймагындагы Сары-Таш кенинде акиташ табият ташын казууну жүргүзгөн компаниялардын иштерин иликтөө максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Асанов С.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Алтыбаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Акматалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кен пайдалануу боюнча саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Максүтов Н.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Орозбаев М.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Тажибаев А.Т. | - | Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Эшназаров Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармалыгынын начальниги. |
2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө жерине баруу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы табият ташын натыйжалуу жана сарамжалдуу казып алуунун, экологиялык, техникалык жана башка талаптарын сактоо боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун аймагындагы Сары-Таш кенинде акиташ табият ташын иштетүүчү компаниялардын ишин иликтесин жана иштин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга төмөнкү укуктар берилсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга.
4. Командировка менен байланышкан чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |