Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-августу № 317-б
Ленин чокусуна чыгуунун 85 жылдыгына арналган Ош облусунун Чоң-Алай районунун «Ачык-Таш» капчыгайында альпинизм ардагерлеринин Эл аралык фестивалын өткөрүүгө байланыштуу:
Ош облусунун Чоң-Алай районундук мамлекеттик администрациясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200000 (эки жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |