Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-сентябры № 343-б
1. Илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |