Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-сентябры № 344-б
2013-жылдын 4-6-сентябрында Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги XXVI жыйынын өткөрүүгө байланышкан иш-чараларды өз убагында каржылоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин каржылоону ишке ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги расмий делегацияларды Жол кайгуул кызматы менен коштоп жүрүүнү камсыз кылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |