Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-сентябры № 365-б
Бишкек-Ош автомобиль жолунун Бишкек шаарынан Чүй облусунун Кара-Балта шаарына чейинки (60 км) жана Жалал-Абад облусунун Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки (70 км) участокторун реабилитациялоону каржылоо маселесине карата Борбордук-Азия региондук экономикалык кызматташтык программасынын 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоордун 4-фазасын ишке ашыруунун чегинде Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Султанов К.И. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, делегациянын башчысы; |
Сакебаев Э.А. | - | "КСДП" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Пирматов И.А. | - | "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Маматалиев А.М. | - | "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Маматов А.М. | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Байгөнчөков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Бешимов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Садакбаев Т.У. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |