Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-сентябры № 370-б
1. Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы "Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүк кылуусун сактоону отчеттуулукка жана ачыктыкка өзгөчө басым коюу менен илгерилетүү" долбоору боюнча финансылык макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын юстиция министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Финансылык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |