Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-сентябры № 391-б
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) 26-сессиясын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында 2014-жылдын сентябрында өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеши тарабынан бекитилген контролдук цифралардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттикке Кеңештин 26-сессиясын уюштуруу үчүн каражат карасын;
- 2014-жылдын сентябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында Кеңештин 26-сессиясын даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2014-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттикти каржыласын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |